Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 16.01.2018 11:27

Видео - Токмоктуктар жер алдынан чыккан суудан үйлөрүн сактаган кызматкерлерге ыраазычылык билдиришти

Turmush -  Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жана жер тамдардын жер төлөлөрүн жер алдынан чыккан суу каптап, кыш алды менен тургундарды бир топ түйшүккө салды. Токмок шаарынын мэриясынан жана ӨКМден билдиришкендей, аталган көйгөйдү чечүү үчүн ыкчам иш-чараларды көрүшкөн. Буга чейин Токмок шаарына өзгөчө кырдаал киргизилген болчу.

Токмоктун тургуну Фатима Садыкованын айтымында, мындан 10 жыл мурун жеке ишканасын ачарда имаратка курулуш жана архитектура бөлүмү бул жерден суу чыкпайт деп уруксат беришкен.

«Чындыгында 10 жыл бою суу чыккан жок. Бирок 2017-жылдын күз айларынан баштап жерден суу чыгып калды. Мэриянын кызматкерлери бул багытта иш алып барып, азыр суу тартылып, декабрдын ортосунда азайды», - деди ал.

Токмоктун тургундары Эльвира Оленова менен Мукан Чекиров үйлөрүн суу каптап кеткен учурда ыкчам чара көргөн мэрия менен ӨКМдин кызматкерлерине ыраазычылыгын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×