Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

Эл ичи — өнөр кенчи: Дарыгер Г.Буракенова 40 жыл эңсеген кыялына жетип, ырчы болду (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 57 жаштагы тургуну Гүлянда Буракенова ырчы болууну 40 жылдан бери кыялданып келген. Ал 2016-жылдан бери чыгармачылыкка аралашып, бир топ ийгиликтерге жетишүү менен Токмок шаарынын алдыңкы ырчыларынын бирине айланды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, буга чейин ата-энеси, жолдошунун каршылыгы менен максатына жетпей келген. Ал Токмок шаарында 1961-жылы төрөлгөн.

«Мен мектепти 1976-жылы аяктап, өзүмдүн көңүлүмө туура келбесе да Токмоктун медициналык орто окуу жайында билим алып, аны 1979-жылы аяктагам. Биринчи жолдошум менен 1978-жылы баш кошуп, 1979-жылы улуу кызым төрөлдү. Ал кезде өз кесибим менен медицина кызматкери болуп эмгектенчүмүн. Бирок бул кесип негедир жан дүйнөмдөн түнөк таба албады. Өзүм бала кезден бери ырчы болсом, жакшы ырларды элге тартууласам деп кыялданып, 40 жыл бою сахнаны самап жүрдүм. Мектепте хор тобунда да ырдагам. Ошондо мугалимдерим менин үнүмө маани берип, «сен мыкты ырчы же актриса болосуң, музыкалык окуу жайдан билим ал» дегенде ата-энем, «ырчы болсоң бузулуп кетесиң» деп каршы болуп коюшкан. Ал кезде ырчы десе эле ошондой түшүнүк бар болчу.

1982-жылы экинчи кызым төрөлдү. Ал ортодо медицинадан кетип, ар кандай иштер, соода-сатык менен да алектенип калдым. Бирок кандай гана жумушта болбоюн ичимден, кээде өз алдымча үнүмдү чыгарып ырдап, жаккан ырдын текстин сөзсүз жаттап алчумун», - деди ал.

Гүлянда Буракенова чыгармачылыкка жолдошу каза болгондон кийин гана аралаша баштаган.

«Бир жолу 1999-жылы Токмоктун ыр кесесине катышкам. Андан башка иш-чараларга, концерттик программаларга катышкан эмесмин. Биринчи жолдошум каза болуп, андан кийин экинчи жолдошум менен 22 жыл бирге жашадык. Ал дагы мындан 2 жыл мурун каза болгон. Кыздарым мени алаксысын дедиби, айтор «апа сиз ырдаңыз» деп колдоп, ырдаганыма уруксат беришти. Ошондон бери чыгармачылыкка аралаша баштадым. Мурдагы жылы «Ырдагым келет ырдагым» долбооруна катышып, финалга чыккам. Кийин 17-сентябрда филармонияда гала-концерт коюп, диплом алдык. Ошол жерден Юрий Бабковдун «Ырдайлы кыргыз ырларын» долбооруна жолдомого ээ болдум. Андан соң, Түгөлбай Казаков уюштурган «Эсимде» долбоору маданият жылына карата өткөрүлүп, ага катыштым. Анда да 2-турдан өтүп, кызыктыруучу байге, акчалай сыйлыкка ээ болгом.

Жаш обончу композитор Белек Бопитаев менен таанышып, продюсери Чынар Айтугулованын «Эл алдына келет ырдагым» деген долбооруна катыштым. Ал жактан да сынактан өтүп, гала-концертин өткөрдүк. Ушул эле «Эл алдына келет ырдагым» долбоору менен Токтогул районунун Кара-Көл шаарына, Ак-Талаага чейин барып, Бурул Дүйшееванын 50 жылдык мааракесине арнап концерт койдук. Ушул долбоор менен концерттерге ай сайын катышып жүрдүм.

Ырысбай Абдыкадыровдун ырларын жакшы көрөм. Ошол кишинин ырларын аткарып, Рыспай Абдыкадыровдун клубунун мүчөсү деген төш белгиле ээ болдум жана башка көптөгөн ардак баракчалар менен сыйлангам», - деди ал.

Гүлянда Буракенова чачтарач ачып, стилист-модельер болуп да эмгектенип келет.

«2000-жылы чачтарач ачкам. Бала кезде кол өнөрчүлүккө да аралашып, шырдак шырып, кийим тикчүмүн. Азыр анын баарын жыйыштырып коюп, чыгармачылык менен гана алектенип калдым», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1758
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×