Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Чүй

Токмоктогу үй-бүлөгө кол салуу: Каза болгон эки уулун күткөн эне ооруканада эмнеге жаткандыгын билбейт, - жакындары

Turmush -  Токмок шаарындагы жеке турак үйгө белгисиз бирөөлөр кирип, үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салып, анын кесепетинен эки адам каза болгон.

Камиль Балинов окуя болгон күнү оор жаракаттан улам кѳз жумса, 22 жаштагы иниси ооруканада ээсине келбей каза болгон эле. Маркумдардын атасынын эгизи Карим Болинов аталган каргашалуу окуя боюнча жүрүп жаткан тергөөнү аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, тергөөчүлөр каза болгон балдардын жакын туугандарынан эле сурак жүргүзүп, кайра-кайра чакырып жатышат.

«Окуядан кийин 18 күн өттү. Бирок жыйынтык жок болуп жатат. Демек алар начар иштеп жатышат. Алар биздин туугандарыбызды гана суракка алышууда. Мени болсо 4-5 жолу тергөөгө чакырышты. «Эмнеге бизден эле сурап жатасыңар, башкаларды да сурап жатасыңарбы?» десем да жооп жок. Алар жөн гана иштеп жаткан киши болуп, бизди эле чакырып, убакытты өткөрүп жатышкандай. Курман болгон инимдин телефон номурун эми карап жатышат. Ал эми ооруканадагы маркумдардын апасы менен келинибиз жакшы болуп калышты. Бирок алар каза болгон балдарды дагы деле угуша элек. Балдарын Бишкекте ооруканада дарыланып жатышат деп айтып койдук. Аларга кантип угузарыбызды билбей жатабыз. Тергөө иши аяктап, кылмышкерлерди кармашса угузат элек. Келин балабыз деле уга элек, бирок ал өзү шектенип билип жатат. Ал эми апасы эки уулун күтүп, ооруканага эмне себептен жатып калганын да эстей албай жатат», - деди ал.

Токмок шаарынын тургундары аймактык кабарчыга аталган окуядан кийин кооптуу жагдай туулгандыгын билдиришти.

«Ушул ишти аягына чыгарып, кылмышкерлерди тезинен таап, жазасын бергиле деп, укук коргоо органдарынан, милиция кызматкерлеринен суранабыз. Антпесе биздин күнүмдүк жашообузда кооптуу жагдай туулуп, тынчыбыз кетүүдө», - деп билдиришти алар.

Ал эми, Токмок шаарынын Максат аттуу тургуну (өзүнүн суранычы менен аты өзгөртүлдү) балдарын алыска чыгарбай, тынчсызданып жаткандыгын айтты.

«Бала-чакабызды караңгы, кооптуу жана алыскы көчөлөргө жиберүүдөн коркуп калдык. Беловодск айылындагы окуядан кийин кылмышкерлер кармалганын угуп, биз абдан сүйүндүк. Эми ушул Токмокто бир үй-бүлөгө ачык эле кол салган кылмышкерлерди таап, жазасын беришсе жакшы болор эле», - деди ал.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы аталган окуя боюнча иликтөө иштери өз нугу менен ыкчам жүргүзүлүп жаткандыгын кабарлашты.

«ИИМ, Чүй ОИИБ, Токмок ШИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бул кылмыш ишин иликтөөгө кесипкөй, тажрыйбалуу кызматкерлерибиз тартылган», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин Turmush басылмасы Токмок шаарындагы жеке турак үйгө белгисиз бирөөлөр кирип, үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салышкандыгын кабарлаган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, үйгө кол салуу 27-декабрдан 28-декабрга караган түнү болгон. Анын кесепетинен шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 3 адам — 1973-жылы туулган К., 1995-жылы туулган Б., 2001-жылы туулган Л.Р. оор абалда жеткирилген. Ал эми, 1993-жылы туулган Б.К. ооруканага жеткенден кийин каза болгон.

Чүй ОИИБден маалымдашкандай, Токмок ШИИБге райондук ооруканадан белгисиз бирөөлөр жеке турак жайды тоноого кирип, анда жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө залал келтиргендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн. Учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) жана 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, Чүй ОИИБдин жана Томок ШИИБдин ыкчам-издөө тобу ишти иликтөөгө алып, кылмышка тиешеси бар адамдарды издеп жатышат.

Ал эми, Токмок аймактык ооруканадан билдиришкендей, 28-декабрда саат 06:50дө оор абалда үй-бүлө мүчөлөрү — 4 адам келип түшкөн. Алар:

- 1973-жылы туулган К.Д. — үй-бүлөнүн апасы. Баш мээси чайкалган. Баш жана бет сөөгүнөн жаракат алган. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган;

- 1995-жылы туулган Б.Э. баш сөөгүнөн бир нече жаракат алып, чыкый сөөгү сынган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат;

- 2001-жылы туулган Л.Р. баш сөөгү сынган, мээси чайкалган. Анын 8-9 айлык боюнда болгон. Ал сынактар бөлүмүндө жатат;

- 1993-жылы туулган Б.К. жандандыруу бөлүмүндө каза болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3392
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×