Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусу, Токмок 11.01.2018 14:50

Токмокто көчөдөн табылган ымыркайдын ата-энеси 1,5 айдан бери изделип жатат

Turmush -  Токмок шаарындагы көчөдөн табылган ымыркай кыздын ата-энеси дагы деле табыла элек. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Токмок шаардык төрөт үйүнөн билдиришти.

Токмок шаардык балдар ооруканасынын дарыгери Лира Жумалиеванын айтымында, ымыркай медициналык кароодон өтүп, учурда абалы жакшы болуп калган.

«Ымыркай биздин колдо 1,5 айга чейин болот. Андан кийин аны балдар үйүнө алып кетишет. Ал социалдык коргоо кызматкерлеринин көзөмөлүндө болот. Кыздын ата-энесинен кабар дагы деле жок», - деди ал.

Буга чейин милиция кызматкерлери баланын ата-энеси изделип жаткандыгын билдирген болчу.

«Азырынча табыла элек. Издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Табылган кыз европалык түспөлдөгү наристе болуп жатат. Токмоктун тургуну деп айтууга азыр эрте. Себеби, чиркөө чоң жолдун боюнда болгондуктан ары-бери автоунаа менен өткөндөр дагы таштап кетиши мүмкүн», - деп билдиришти Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Turmush басылмасы Токмок шаарындагы көчөдөн жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылгандыгын маалымдаган. Ымыркайды 2017-жылдын 22-ноябрында Охотничья көчөсүнөн жергиликтүүлөр табышкан.

Дароо милиция кызматкерлери менен дарыгерлерге маалымат берилип, ымыркайдын абалы текшерилди. Анын салмагы 3 кг 400 грамм болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×