Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 08.01.2018 09:52

Токмок жана Чүй айылында суунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча тазалоо иштери улантылып жатат

Turmush -  Чүй районунун Чүй айылынын жана Токмок шаарынын аймагында жер алдынан чыккан суулардын деңгээлин төмөндөтүү үчүн тазалоо иштери улантылып жатат, деп билдирди бүгүн, 8-январда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, тазалоо иштерине ӨКМдин Токмок шаардык бөлүмүнөн 3 кызматкер, Жайыл райондук жарандык коргонуу кызматынан 4 кызматкер жана Токмок жылуулук ишканасынан 2 адам, ошондой эле 2 экскаватор, 2 жүк ташуучу унаа тартылды.

«6-январда Иваницина жана 8-март көчөлөрүндөгү бак-дарактарды кыюу иштери жүргүзүлдү. Ал эми, 7-январда Слабодская, Октябрдын 70 жылдыгы жана Колхоз көчөлөрүндө дренаждык тазалоо иштери аткарылды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×