Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Чүй

Токмоктогу үй-бүлөгө кол салуу: Ооруканадагы эне 2 уулунун каза болгонун уга элек, келини эсине келди

Turmush -  Токмок шаарында белгисиз бирөөлөрдүн кол салуусунан улам ооруканада жаткан 22 жаштагы жигит каза болду. Ага чейин анын агасы Б.К. оор жарааттан улам кѳз жумган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 28-декабрда аталган жигит оор абалда аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө динамикалуу байкоонун алдында жаткан. Бирок, 22 жаштагы Б.Э. 29-декабрда эртең менен эсине келбей каза болгон.

Туугандарынын айтуусунда, апасы жана келини толугу менен эсине келип, бирок 2 уулунан айрылганын уга элек.

«Ооба, алар эсине келди. Акырындык менен жакшы болуп келатышат. Бирок, апасына аябай жаман болду. Ал ойгонгондо эле, ооруканага эмне болуп калдым деп сурап жатат. Окуя эсинен чыгып калган го. Анын эжеси, «сиз жыгылып кеттиңиз» деп койду. Ал балдарым неге мага жолукканы келбей жатышат деп сурап жатат. Ал эми келини жолдошум эмдигиче келмек, бир нерсе болду деп ыйлап жатат» - дешти алар.

Каза болгон балдардын атасынын эгизи Б.Каримдин айтуусунда Б.К.нын үйлѳнгѳнүнѳ 3 ай гана болгон.

«Инимдин жубайы менен кичинекей келинибизди түндѳ ооруканага барып кѳрүп, абалдары менен таанышып чыктым. Алар азыр деле акыл-эсени толук келе элек. Абалдары орто. Ал эми келинибиз жакшыраак. Бирок, кѳзүн ача элек, болсо да кулагы менен сүйлѳгүбүздү угуп жатышат. 2 баласы каза болгонун энеси уга элек. Айта элекпиз. Келинибиз да жолдошунан айрылганын уга элек. Алар 3 ай мурун баш кошушкан эле, өзү дагы кош бойлуу. Аяганыбыз эле экѳѳнүн мындан аркы ден-соолугу болуп жатат. Ал эми иликтѳѳ иши жүрүүдө. Бүгүн дагы укук коргоо органдарына барып, иштин жүрүшү менен тааныштым. Негизи кимдер кылышы мүмкүн экенин билбей жатабыз. Менин туугандарымдын душманы же ѳчѳшкѳн адамы жок эле. Эч кимге зыяндары жок болчу» - деди ал.

Каза болгон балдарды мектепте окуткан мугалим Зулфия Мухамедованын айтуусунда, алар экѳѳ тең мектепте үлгүлүү окуучулардан болушкан.

«Ошол күнү үйдө төртөө болуптур. Эки баласы, келини жана апасы. Балдардын атасы көп жыл мурун каза болуп калган. 2 баланы энеси өзү чоңойткон. Балдары жакшы окушчу жана үлгүлүү окуучулардан болушчу. Улуусу, 1993-жылы туулган Б.К. базарда кийим сатып иштечү. Үй-бүлѳдѳ ата ордуна ата болуп, баарын багып жаткан ушул болчу. Кечээ иниси да каза болгонун угуп аябай жаман болдук. Арматура менен башка чабышыптыр деп уктук. Келин жаңы эсине келип, күйөөсүн сурап жатыптыр, ал эч нерсе билбейт экен. Негизи алар тартиптүү, ыймандуу эч кимге зыяндары жок адамдар болчу. Туугандары ичтеринен күйүп атса да, билгизбей белдерин бекем бууп, сабыр кылып атышат» - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы Токмок шаарындагы жеке турак үйгө белгисиз бирөөлөр кирип, үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салышкандыгын кабарлаган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, үйгө кол салуу 27-декабрдан 28-декабрга караган түнү болгон. Анын кесепетинен шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 3 адам — 1973-жылы туулган К., 1995-жылы туулган Б., 2001-жылы туулган Л.Р. оор абалда жеткирилген. Ал эми, 1993-жылы туулган Б.К. ооруканага жеткенден кийин каза болгон.

Чүй ОИИБден маалымдашкандай, Токмок ШИИБге райондук ооруканадан белгисиз бирөөлөр жеке турак жайды тоноого кирип, анда жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө залал келтиргендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн. Учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) жана 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, Чүй ОИИБдин жана Томок ШИИБдин ыкчам-издөө тобу ишти иликтөөгө алып, кылмышка тиешеси бар адамдарды издеп жатышат.

Ал эми, Токмок аймактык ооруканадан билдиришкендей, 28-декабрда саат 06:50дө оор абалда үй-бүлө мүчөлөрү — 4 адам келип түшкөн. Алар:

- 1973-жылы туулган К.Д. — үй-бүлөнүн апасы. Баш мээси чайкалган. Баш жана бет сөөгүнөн жаракат алган. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган;

- 1995-жылы туулган Б.Э. баш сөөгүнөн бир нече жаракат алып, чыкый сөөгү сынган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат;

- 2001-жылы туулган Л.Р. баш сөөгү сынган, мээси чайкалган. Анын 8-9 айлык боюнда болгон. Ал сынактар бөлүмүндө жатат;

- 1993-жылы туулган Б.К. жандандыруу бөлүмүндө каза болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7332
Көп окулду
×