Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

Айыл турмушу: 295 классташтуу шахматчы И.Байысынов Кыргызстандын бир нече жолку чемпиондорун тарбиялоодо (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Токмок шаарынын 37 жаштагы тургуну Ислам Байысынов шахмат боюнча спорт чебери, улуттук даражадагы калыс, шахмат сүйүүчүлөрүнүн арасында дүйнѳнүн вице-чемпиону жана Азия чемпиону болгон. Ал учурда Токмок шаарында шахмат боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

- Ислам мырза, алгач окурмандарга ѳзүңүздү тааныштыра кетсеңиз.

- 1980-жылы 6-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөм. Ата-энем медицина тармагында иштегенине байланыштуу алар ар кайсы жерде эмгектеништи. Мындан улам мен 9 мектепте окуп, 295 классташтуу болдум. 2007-жылы Балыкчы шаарындагы Социалдык-экономикалык институтуна тапшырып, аны 2012-жылы аяктап, экономист-бухгалтер кесибине ээ болгом. Азыр Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 5-курсунда сырттан окуу бөлүмүндө билим алам.

2013-жылы үйлѳндүм. Учурда келинчегим экѳѳбүздүн 1 кыз жана 1 уулубуз бар. Келинчегим шахмат боюнча Кыргызстандын кѳп жолку чемпиону. Азиялык, дүйнѳлүк олимпиадалардын катышуучусу болгон.

- Спортко канча жашыңыздан аралашып калдыңыз?

- 6 жашымдан тартып спорт тармагына аралаштым. Алгач грек-рим күрѳшү менен машыктым. Ѳспүрүмдѳр арасында Кыргызстандын кѳп жолку чемпиону аталып, бир нече эл аралык мелдештерди жеңдим. Мындан тышкары футбол боюнча убагында «Ысык-Кѳл» курама командасында ойногом. Ошондой эле стол үстүндө теннис боюнча мектептер арасында бир нече жолу чемпион болгом.

- Шахмат боюнча кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?

- Шахмат боюнча спорт чебери, улуттук даражадагы калыс болдум. Шахмат сүйүүчүлѳрдүн арасында дүйнѳнүн вице-чемпиону жана Азия чемпиону болуу менен бирге «Жылдын мыкты машыктыруучусу», «Жылдын мыкты спортчусу» наамдарын алдым. Кыскасы жетишкендиктер кѳп. Быйыл шахмат боюнча ондон ашык окуучум Кыргызстандын чемпионатына катышууда. Арасында чемпиондор дагы бар. Жайнаков Таалай деген окуучум Кыргызстандын 2 жолку чемпиону болду.

- Спорттун арты менен канча мамлекетке бардыңыз?

- Кудайга шүгүр, спорт кѳп ийгиликке жеткирди. Анын ичинен 15 мамлекетти түрѳ кыдырып келдим.

- Спорт сиз үчүн эмне?

- Спорт мен үчүн ден соолук жана тарбия.

- Музыкалык аспаптарда да ойнойт экенсиз. Ушул жаатта да сѳз кыла кетсеңиз.

- Комуз, гитара, аккордеон чертип, ырларды жазам. Балыкчыда «Айтыш» сынагы боюнча 1-орунду алгам. Тѳкмѳ акындыкка кызыгам. Бул ѳнѳрдѳгү устатым Сапарбек Касманбетов агайым эле.

- Классташтарды кайсы региондордон кѳп таптыңыз?

- Ысык-Кѳл облусунун 5 районунда жана 3 шаарында окудум. Бишкекте эки мектепте билим алдым. Классташтардын кѳптүгүнѳн күнүнѳ жок дегенде бирѳѳнѳ жолугам.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2445
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×