Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

Токмоктогу үй-бүлөгө кол салуу: Бир жигит каза болуп, кош бойлуу келин жана 2 адам оор абалда

Turmush -  Токмок шаарындагы жеке турак үйгө белгисиз бирөөлөр кол салышты. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактардан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, үйгө кол салуу 27-декабрдан 28-декабрга караган түнү болгон. Анын кесепетинен шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 3 адам — 1973-жылы туулган К., 1995-жылы туулган Б., 2001-жылы туулган Л.Р. оор абалда жеткирилген. Ал эми, 1993-жылы туулган Б.К. ооруканага жеткенден кийин каза болгон.

Чүй ОИИБден маалымдашкандай, Токмок ШИИБге райондук ооруканадан белгисиз бирөөлөр жеке турак жайды тоноого кирип, анда жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө залал келтиргендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн. Учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) жана 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Ошондой эле, Чүй ОИИБдин жана Томок ШИИБдин ыкчам-издөө тобу ишти иликтөөгө алып, кылмышка тиешеси барларды издеп жатышат.

Ал эми, Токмок аймактык ооруканадан билдиришкендей, бүгүн, 28-декабрда саат 06:50дө оор абалда үй-бүлө мүчөлөрү — 4 адам келип түшкөн.

Алар:

- 1973-жылы туулган К.Д. — үй-бүлөнүн апасы. Баш мээси чайкалган. Баш жана бет сөөгүнөн жаракат алган. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды;

- 1995-жылы туулган Б.Э. баш сөөгүнөн бир нече жаракат алып, чыкый сөөгү сынган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат;

- 2001-жылы туулган Л.Р. баш сөөгү сынган, баш мээси чайкалган. Анын 8-9 боюнда болгон. Ал сынактар бөлүмүндө жатат;

- 1993-жылы туулган Б.К. көрүлгөн аракеттерге карабай, жандандыруу бөлүмүндө каза болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5940
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×