Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Чүй

Айыл турмушу: 20 жаштагы Н.Жеңишбеков 3 жылдан бери көк бөрү ойноп, ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Дѳң-Арык айылынын 20 жаштагы тургуну Нур Жеңишбеков 3 жылдан бери Токмоктогу «Бурана» кѳк бѳрү тайпасында ойноп келет. Ал бул топтун эң кичүү спортчусу. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Ѳзүм Калча атындагы Дѳң-Арык орто мектебинен билим алып чыккам. Кыргыздын улуттук оюндарынын бири болгон кѳк бѳрүгѳ 3 жылдан бери катышып келем. Бала кезден бери ат мингенди жактырып, улак тартыштарга катышууга кызыкчумун. Айыл ичиндеги кѳк бѳрү оюндарына аралашып ѳстүк.

Биздин «Бурана» тайпабыз Токмок шаары жана тегеректеги айыл ѳкмѳттѳр арасында эң күчтүү команда катары эсептелет. Ийгиликтерибиз абдан кѳп. Ар кандай иш-чара, той-мааракелерге катышып, ар дайым 1-орундарды багындырып келебиз. Тайпада жалпы 12 оюнчу бар. Алардын баары тең күчтүү оюнчулар. Мен эң кичүүсүмүн. Келечекте Кыргызстандын курама тайпасында мыкты оюндарды кѳрсѳткүм келет», - деди ал.

Нур Жеңишбеков 1997-жылы Чүй районуна караштуу Дѳң-Арык айылында төрөлүп, ушул айылда ѳскѳн. Ал үй-бүлѳдѳ 3 бир туугандын ортончусу.

«Ата-энем, эжем жана иним бар. Алар менин кѳк бѳрү оюнуна катышып жүргѳнүмдү колдоп, дайыма сыймыктанып турушат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1156
Көп окулду
×