Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 18.12.2017 17:19

Токмокто окуучулар арасында волейбол оюну уюштурулду (фото)

Turmush -  Токмок шаарындагы «Үмүт» кыздар лицейинде волейбол оюну болуп ѳттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Үмүт» кыздар лицейинин дене тарбия мугалими Каныкей Тургуналиева билдирди.

«Биздин "Үмүт" кыздар лицейибиз менен Токмок шаардык №9 орто мектебинин ортосунда достук волейбол оюнун ѳткѳрдүк. Оюн кызыктуу ѳтүп, жыйынтыгында биздин тайпа жеңишке жетишти. Биздин тайпадагы кыздар — Ажар Айдарбекова, Айназик Аринова, Карина Гүлиева, Акылай Иманалиева, Гүлнур Маджидова жана Алтынай Токторова. Келечекте ушул спортчу кыздарымдан кѳптү үмүттѳнѳм. Алар бир гана спорт жаатта эмес, билим алуу жагынан да эң мыкты окуучулар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×