Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Чүй

Токмокто жергиликтүү жолдордун абалы талкууланды

Turmush -  Токмок шаарынын мэриясынын имаратында «Жергиликтүү жолдор» аталышындагы тегерек стол өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалым болгондой, иш-чара 11-декабрь күнү «Жарандар аракетте» долбоорунун лидерлери жана активисттери тарабынан уюштурулуп, ага Транспорт жана жолдор министрлигинин, Токмок шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчылары катышты. Тегерек стол Чүй облусунун жолдорунун абалын талкуулоо максатында өттү.

Буга чейин активисттер өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укутуу өкүлчүлүгүнө кат аркылуу кайрылуу жөнөтүшкөн. Аталган облуста 10 айдын ичинде жергиликтүү жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бирок бюджеттин жетишсиздигинен улам жергиликтүү жолдор калдык каражаттар менен тейленип жатат.

Иш-чаранын алкагында Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү бардык суроолорго жооп берип, Кемин районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бейшеке жана Аламүдүн районунун Байтик айылынын жолдорун оңдоону 2018-жылдагы иштердин планына киргизүүгө сөз берди.

Тегерек столдо Чүй облусунун жергиликтүү жолдору боюнча иш-чаралардын резолюциясы кабыл алынды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 725
×