Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

Токмокто окуучу кыз секирип каза болгон көп кабаттуу үйдүн сүрөтү

Turmush -  Токмокто көп кабаттуу үйдөн боюн таштап, ооруканада көз жумган 8-класстын окуучусу А.Эльвира интернетте көп отуруп, суицидге чакырган активдүү топторго кошулушу мүмкүн экенин аймактык кабарчыга анын туугандары билдиришти.

Маркумдун атасынын карындашы Жазгүлдүн айтымында, Эльвира ата-энесинин мээримине бѳлѳнгѳн шайыр жана жакшы кыз болгон.

«Эльвира байкемдин кызы болот. Ата-энесинин мээримине бѳлѳнгѳн, шайыр, жакшы сиңдим бар эле. Кээ бир сайттардагы окурмандар “ата-энеси эмнеге кызын карабай Россияга кетти?” деп айтып жатышыптыр. Бул пикирлери туура эмес. Эльвиранын апасы астма оорусу менен жабыркайт. Мындан улам дарыгерлер аны Россияга абасы жагышы мүмкүн деп жѳнѳтүшкѳн. Байкем да ошол жеңемдин ден соолугуна байланыштуу Россияда жүрдү. Алар бул жерде жашап жатканда жеңеме 2-3 күндүн биринде эле тез жардам чакыртып турчубуз. Аны кошуналары деле билет. Кыргызстанга биротоло келебиз деп жатышкан. Россияда деле дарыланып, айлап ооруканага жатып турат. Учурда кызынын айынан да ден соолугу начарлап кетти. Азыр үйдѳн дары-дармек ичип, ийне алып жатат. Кызын улам эстеген сайын ѳзүн жоготуп жатат.

Кырсыкка чейин кыздын жүрүм-турумунан эч кандай деле шек алган эмеспиз. Бирок интернетке кѳп отурчу. Мен алардын үйүнө барган сайын “кѳп отурба” деп айтчумун. Азыр Эльвиранын интернет аркылуу “суицид”, “караңгылык” деген топторго киргенин угуп жатам. Ал топторго мен дагы кирип, текшерейин дегем. Бирок эмнегедир кире алган жокмун», - деди ал.

Эльвира эжесине телефон чалып, номурун алмаштыргандыгын да айткан.

«Мага “жаңы номурумду жазып алыңыз” деп бир чалган эле. “Эмне себептен алмаштырдың?” десем “номурум күйүп кетти” деди. Бир жолу уюлдук телефонун дагы жаңыга алмаштырып келиптир. Анда да “эмнеге алмаштырдың?” деп сурасам, “мурунку телефондон тынымсыз жарнамалар келе берет, ошол себептен алмаштырдым” деди. Ошондон бир аздан ѳтпѳй эле ушул кырсык болуп калды. Ѳзүнүн бала кезинен талмасы бар эле. Кээде “кѳзүмѳ бир нерсе кѳрүнүп жатат” деп калчу. Кичинекей кезинде түнү менен карап чыкчубуз. Каза болордун алдында 2 күн мурун талмасы кармаптыр. Апасына кыйналып чыктым деп айтыптыр. Негизи чоңойгону аз-аздан кармачу.

Эльвира буга чейин Сахзоводдогу мектепте окуп жүргөн. Ал эми №5 орто мектепке которулуп барганына 1,5 ай эле болгон.

«Мурунку мектептеги классташ кыздары “Эльвира шайыр, жакшы кыз болчу” деп айтышты. Алгач 1-класста Токмоктун кичи районунда билим алып, кийин Москвада 1 жыл ата-энесинин жанында окуп келди. Андан кийин 6-классты толук Сахзаводдогу мектептен окуп, октябрдын аягы менен №5 орто мектепке которулган болчу. Сиңдимди эч нерседен кем кылбай багып келе жатышкан. Туугандарына же ата-энесине таарына турган эч кандай себеп жок болчу.

Эльвира боюн таштаган толук курулуп бүтѳ элек көп кабаттуу үй

Эльвира маркум

Сиңдим каза болгон жерден, тактап айтканда толук салынып бүтпѳгѳн имараттан буга чейин да 4-5 ѳспүрүм ѳз жанын кыйыптыр. Мындан сырткары ошол жакка жаштар кѳп барат, кыз-жигиттер жолугушат деп уктум. Ушуну мэрия бир караштырып, жок дегенде 2-кабатка чейин терезе-эшиктерин бүтѳп, жаап салса деген сунушубуз бар эле», - деди ал.

Эльвира окуган №5 орто мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Фатима Бейшееванын айтымында, ал бир мүнѳз жана жоош кыз болгон.

«Мен ал кызды бир-эки эле жолу кѳрдүм. Класс жетекчисинин айтымында, бир мүнѳз, жоош кыз болгон экен. Кыздар менен кошулуп, дос болуп, кѳп деле шарактап сүйлѳшкөн эмес дешти. Мектеп ичинен башка кыздар тарабынан кодулап, коркутуулар болгон эмес. Ѳзүнүн классташтары да ынтымактуу, жакшы кыздар. Жүрүм-туруму, кийим-кечеси деле жакшы эле болчу», - деди ал.

Эльвира үй-бүлѳдѳ эки бир туугандын улуусу болгон. Иниси 1-класста окуйт.

Токмок шаарында толук курулуп бүтѳ элек кѳп кабаттуу үйдѳн 8-класстын окуучусу боюн таштап каза болгонун Turmush басылмасынын кабарчысына өздүк булактар маалымдашкан эле.

Кийинчерээк Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы аталган маалыматты тастыктап, окуя ушул жылдын 29-ноябрында саат 16:30 чамасында катталгандыгын маалымдады.

«Ошол күнү милиция кызматына толук курулуп бүтө элек кѳп кабаттуу үйдѳн 15-16 жаштардагы кыз кулап түштү деген маалымат келген. Окуя болгон жерге биздин кызматкерлер барышкан. Өзүнүн боюн таштаган кыз 2002-жылы туулган, 8-класстын окуучусу А. кызы Э. экендиги аныкталган. Ал кыз дароо аймактык ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы 2 күндѳн кийин ооруканада каза болду. Бул боюнча учурда тергѳѳ иштери жүрүп атат», - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, кыздын ата-энеси Россияда эмгектенишет. Ал Токмокто таята, таенесинин колунда жашачу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5358
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×