Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 13.12.2017 08:44 На русском

Токмокто 8-класстын окуучусу көп кабаттуу үйдөн боюн таштап, ооруканада каза болду

Turmush -  Токмок шаарында толук курулуп бүтѳ элек кѳп кабаттуу үйдѳн 8-класстын окуучусу боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына өздүк булактар маалымдашты.

Бул окуя болгонун Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, окуя ушул жылдын 29-ноябрында саат 16:30 чамасында катталгандыгын маалымдады.

«Ошол күнү милиция кызматына толук курулуп бүтө элек кѳп кабаттуу үйдѳн 15-16 жаштардагы кыз кулап түштү деген маалымат келген. Окуя болгон жерге биздин кызматкерлер барышкан. Өзүнүн боюн таштаган кыз 2002-жылы туулган, 8-класстын окуучусу А.Э. экендиги аныкталган. Ал кыз дароо аймактык ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы 2 күндѳн кийин ооруканада каза болду. Бул боюнча учурда тергѳѳ иштери жүрүп атат», - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, кыздын ата-энеси Россияда эмгектенишет. Ал Токмокто таята, таенесинин колунда жашачу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×