Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 12.12.2017 18:23 На русском

Токмокто көлмөгө кулаган унаа: Кыз-күйѳѳсү жана небереси менен каза болгон чоң эне тойго даярдануу үчүн жолго чыккан (фото)

Turmush -  Токмокто көлмөгө түшүп кеткен жеңил унаанын терезеси сынып, бирок ичиндеги 4 адам сыртка чыга албай калышкан. Бул тууралуу ӨКМдин Токмок шаардык №21 бөлүмдүн лейтенанты Ѳмүркан уулу Ѳмүрбек билдирди.

Анын айтымында, суудан унааны жана 4 адамдын жансыз денесин алып чыгууга 4 куткаруучу жана 1 фельдшер кызматкери тартылган.

«Биздин бѳлүмгѳ бул окуя тууралуу саат 13:35те маалымат келип түшкѳн. Биз дароо 4 куткаруучу жана 1 фельдшер кызматкери болуп чыктык. Алгач автоунаа чѳккѳн жерге чейин кайык менен барып, «Тойота Авенсис» (мамлекеттик номуру В 5294 АU) үлгүсүндөгү унааны жээкке сүйрѳп чыктык. Андан соң 4 адамдын сѳѳгүн алып чыктык. Автоунаанын маңдайкы терезеси сыныптыр. Бирок ичиндегилер сыртка чыга албай калышыптыр», - деди ал.

Каза болгон адамдардын жакындарынын айтымында, автоунаанын ичиндеги тѳрт адам бир үй-бүлөдөн болушкан.

«Унаанын ичинде 75 жаштагы Токтожан апа жана анын 48 жаштагы кызы Мунара, күйөө баласы Руслан, ошондой эле 20 жаштагы небереси бар болчу. Аталган кырсыктын алдында күйөө баласы менен кызы Бишкек шаарынан, ал эми Токтожан апа 20 жаштагы небереси Кайыпбектин ата-энеси менен бирге Кочкор районунан Балыкчы шаарына туугандарынын тоюна барышкан. Тойдон кийин Руслан унаасы менен Кайыпбектин ата-энесин Кочкорго жеткирип барган. Аны менен чогуу келинчеги Мунара жана Токтожан апа да барышкан эле.

Кайыпбектин ата-энеси — Токтожан апанын жалгыз уулу жана жалгыз келини. Ушулардын колунда турчу. Булар үйүндө калып, Токтожан апа жана анын небереси Кайыпбек, кызы Мунара, күйөө баласы Руслан менен кайра жолго чыгып, Бишкек шаарын көздөй бет алышкан. 20 жаштагы Кайыпбек жумушуна, ал эми Токтожан апа небере кызын турмушка узатам деп, тойго даярданганы жөнөгөн болчу. Тактап айтканда, жалгыз уулунун кызын турмушка узатып, 16-декабрда куда тосушмак. Ал эми, кызы менен күйөө баласы мурун эле Бишкекте турушчу.

Апабыздын абышкасы 1 жыл мурун кѳз жумган эле. Окурмандар айдоочу мас экен деп айтып жатышыптыр. Күйѳө баласы Руслан жоош, арак ичпеген киши эле. Бирок айдоочулук тажрыйбасы аз болчу. Унаасын анда-санда гана айдачу. Анын артынды бир кызы калды», - деп билдиришти туугандары.

Буга чейин Токмокто көлмөгө түшүп кеткен жеңил унаанын ичинде каза болгон 4 адамдын өздүгү такталгандыгын бүгүн, 12-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген болчу.

Алар:

- 1973-жылы туулган К.Р., Бишкек шаарынын тургуну (айдоочу);

- 1942-жылы туулган Ш.Т., Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун тургуну;

- 1969-жылы туулган Ш.М., Бишкек шаарынын тургуну;

- 1997-жылы туулган М.у.К., Бишкек шаарынын тургуну.

Кечээ, 11-декабрда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында жол кырсыктан 4 адам каза болгон.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, саат 13:35те №21 бөлүмдүн куткаруучулары Токмок шаарынын аймагындагы «Рахат» кафеси тарапка чыгып кетишкен. Ал жерде «Тойота Авенсис» (мамлекеттик номуру В 5294 АU) үлгүсүндөгү унаа көлмөгө түшүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×