Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 12.12.2017 14:56

Токмокто 33 жаштагы майордун үйүнөн табылган баңгизат экспертизага жөнөтүлдү

Turmush -  Токмокто атайын багыттагы бөлүктүн майорунун үйүнөн марихуана табылган. Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 33 жаштагы шектүүнүн үйүн тинтүү иштерин жүргүзгөн учурда 60 грамм марихуана чыккан.

«33 жаштагы шектүү СИЗО-1 мекемесине камалды. Ал аскер кызматкери катары эмгектенгени тууралуу бизде маалымат жок. Шектүү жөнөкөй жаран катары кармалды», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айрым маалыматтарга караганда, 33 жаштагы шектүү 2013-жылга чейин «Скарпион» атайын багыттагы бөлүктө кызмат кылган.

Буга чейин Токмок шаарында «Пантера» атайын багыттагы бөлүктүн майору баңгизат менен кармалгандыгы тууралуу АКИpress агенттигине 11-декабрда булактар аркылуу маалым болгон. Майорду кармоо операциясы 7-декабрда уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×