Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Чүй

Токмокто көлмөгө түшүп кеткен унаада каза болгондордун өздүгү такталды

Turmush -  Токмокто көлмөгө түшүп кеткен жеңил унаанын ичинде каза болгон 4 адамдын өздүгү такталгандыгын бүгүн, 12-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алар:

- 1973-жылы туулган К.Р., Бишкек шаарынын тургуну (айдоочу);
- 1942-жылы туулган Ш.Т., Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун тургуну;
 - 1969-жылы туулган Ш.М., Бишкек шаарынын тургуну;
- 1997-жылы туулган М.у.К., Бишкек шаарынын тургуну.

Кечээ, 11-декабрда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында жол кырсыктан 4 адам каза болгон.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, саат 13:35те №21 бөлүмдүн куткаруучулары Токмок шаарынын аймагындагы «Рахат» кафесине чыгып кетишкен. Ал жерде «Тойота Авенсис» (мамлекеттик номуру В 5294 АU) үлгүсүндөгү унаа көлмөгө түшүп кеткен. Куткаруучулар суудан унааны жана 4 адамдын жансыз денесин алып чыгышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1160
Көп окулду
×