Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Чүй

Айыл турмушу: 23 жылдан бери балдар ооруканасында иштеген Л.Жумалиева жылына 1,5 миң ымыркайдын ден соолугуна кам кѳрѳт (фото)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Токмок шаарынын 47 жаштагы тургуну, дарыгер-неонатолог Лира Жумалиева 23 жылдан бери шаардык балдар ооруканасында эмгектенип, жылына 1 миң 500 ымыркайдын ден соолугуна кам кѳрѳт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мектепти 8-класска чейин окуп, андан соң Нарын шаарындагы медициналык училищага тапшырдым. Аны аяктагандан кийин 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтка өтүп, балдар дарыгери факультетинде окудум. 1994-жылы окуумду бүтүрүп, эмгек жолум ушул Токмок шаардык оорукананын төрөт үйүндө башталды. Дарак бир жерде кѳгѳрѳт дегендей, ушул жерден агарып-кѳгѳрүп, азыркы күнгѳ чейин эмгектенип келем. Өзүм жогорку категориядагы дарыгермин.

Биздин жумуш ары татаал, ары кызыктуу. Ѳзүңѳр билгендей, ымыркайлар ѳз абалын, ооруп жаткан жерин айта албайт. Ошондуктан ѳтѳ кылдаттык менен карайбыз. Күндѳ эртең менен жумушка шашып келем. Анткени балдардын абалы баарынан маанилүү. Мен жылына 1 миң 500дөй ымыркайлардын ден соолугуна кам кѳрүп келем», - деди ал.

Л.Жумалиева Фрунзе шаарында 1970-жылы 5-июлда төрөлгөн.

«Жолдошум экөөбүз 4 кыз жана 1 уулду тарбиялап ѳстүрүп келе жатабыз. Кыздарым студент, алар Бишкек шаарында окуп жатышат. Ал эми кичүүлѳрү мектеп окуучулары.

Келечекте биздин өлкөдө ооруканаларга көңүл бөлүнүп, жакшы шарттар түзүлөт деп ойлойм. Балдар аман-эсен жарык дүйнөгө келип, ата-энеси менен бирге, бардык шартта жашаса дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1008
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×