Turmush — Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында жаңы ачылган «Токмок жол-курулуш» муниципалдык ишканасына Кытай мамлекетинен 29 бирдик атайын техника алынып келди.
Мэриянын маалыматына караганда, жазгы жол оңдоо иштерине камылга көрүлө баштады. Токмок шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен «Токмок жол-курулуш» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 16-апрелиндеги №31 токтому менен түзүлгөн. Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №139-р буйругуна ылайык, асфальт аралаштыргыч заводду (ААЗ), бетон аралаштыргыч түйүндү (БАТ), ташты майдалоочу түйүндү (ТМТ) куруу жана атайын техника сатып алуу үчүн 246 миллион сом бөлүнгөн.
Ишкана шаардын жолдорун жана объекттерин сапаттуу долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону жана көрктөндүрүүнү камсыз кылууга багытталган иш-аракеттерди жүргүзөт. Учурда аталган ишканада 9 кызматкер иштейт. Бүгүнкү күндө асфальт аралаштыргыч завод, бетон аралаштыргыч түйүн, ташты майдалоочу түйүн курулуп жатат.
«Аталган ишканага атайын техниканы түз жеткирүү боюнча келишимдер түзүлүп, алынып келди», - деп айтылат маалыматта.
Ал эми мэр Максат Нусувалиев «Токмок жол-курулуш» муниципалдык ишканасына алынып келинген 29 даана (бирдик) атайын техниканы көрсөтүп, бул техникалардын жардамы менен шаардын ички жолдору калыпка келтириле тургандыгын билдирди.
Техниканын тизмеси:
-
№ Техниканын аталышы Саны Чыгарылган жылы Абалы 1 Асфальт төшөгүч. 1 2024 Жаңы 2 Автогрейдер 2 2024 Жаңы 3 Алдыңкы жүктөгүч (Фронтальный погрузчик) 1 2024 Жаңы 4 Дөңгөлөктүү экскаватор (Экскаватор колесный) 1 2024 Жаңы 5 Чынжырлуу экскаватор (Экскаватор гусеничный) 1 2024 Жаңы 6 Жол тегиздегич (Каток) 1 2024 Жаңы 7 Пневмодөңгөлөктүү каток (каток пневмоколесный) 1 2024 Жаңы 8 Эки темир дөңгөлөктүү титиреген жол каток (Вибрирующий дорожный каток с двойным стольным колесами) 1 2024 Жаңы 9 Пневмовальцовый каток 1 2024 Жаңы 10 Артка кетүүчү күрөк менен жүктөгүч (Погрузчик с обратной лопатой) 1 2024 Жаңы 11 Кара 1 2024 Жаңы 12 Жүктөөчү авто 15т. (самосвал) 5 2024 Жаңы 12 Жүктөөчү авто 12т. (самосвал) 3 2024 Жаңы 13 Бетон аралаштыргыч авто (Авто миксер) 2 2024 Жаңы 14 Гудрон соргуч (Гудронатор) 1 2024 Жаңы 15 Битум ташуучу авто (Битумовоз) 1 2024 Жаңы 16 Манипулятор 1 2024 Жаңы 17 Трал 1 2024 Жаңы 18 Тягач 1 2024 Жаңы 19 Жол тазалоочу авто (уборочная машина) 1 2024 Жаңы 20 Эвакуатор 1 2024 Жаңы